Саясат

А.Атамбаев Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды image Фото: president.kg

1 Апр, 2016 325

Эсептөө палатасынын алдында мамлекеттик каражаттарды сарамжал жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча маанилүү милдеттер турат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алып жатып билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысына республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Улукбек Марипов мамлекеттик аудит системасын мындан ары реформалоо,  республикалык бюджеттин каражаттарын пландоонун жана пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн көзөмөлдөө иш чараларынын сапатын арттыруу иштери тууралу айтып берди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз