Аналитика

Апрель ыңкылабынан бери 6 жыл өттү image

1 Апр, 2016 32768

Бул мезгил аралыгында эмне өзгөрүп, кандай бурулуштар болду. Серепчилердин арасында революциянын максаттары ишке аша электигин айткандар да, жетишкендиктерди санагандар да бар. 6 жылдан бери парламенттик башкаруу өкүм сүрүп, Кыргызстан үй-бүлөөлүк режимден арылганына жергиликтүү гана эмес, эл аралык эксперттер да олуттуу маани беришет.

Ар жыл сайын 7-апрелге саналуу күндөр калганда ыңкылаптын максаттары ишке аштыбы деген маселенин айланасында талкуулар жанданат. Бул ирет да андай көрүнүштөр четте калган жок. Бурулуш мезгил аркылуу келген өзгөрүүлөр менен катар 7-апрелдеги окуя революциябы же төңкөрүшпү деген маселенин айланасында да талкуулар болуп жүрөт. Президент Алмазбек Атамбаев революциянын жемиштерин уурдай турган күчтөр дагы деле бар деген пикирде. Ыңкылаптын 6 жылдыгына арналган иш-чарада өлкө башчынын мындай мүнөздөгү кайрылуу катын аппарат жетекчиси Фарид Ниязов окуду.

 Өлкөдө революция шарттаган кандай жакшы бурулуштар болду? Бул суроого айрым учурларда, убакыт көрсөтөт деген жооптор болуп келсе, эми 6 жылдык мөөнөт аз эместигин көпчүлүк түшүнүп турат. Ыңкылапка активдүү катышкандардын бири, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мурдагыдай мүлктөрдү күчкө салып басып алуучулук, бийликке сын айткандарды өмүрүнө кол салууга чейин барган куугунтуктоолордун, деги эле авторитардык башкарууга мүнөздүү көрүнүштөрдүн жоюлушун негизги жетишкендик деп эсептейт. Ал эми өткөөл мезгилден ийгиликтүү өтүүгө элдин айкөлдүгү себеп болгон.

6 жылда олуттуу жетишкендиктер болгонун талдоочу Карыбек Байбосунов да белгилейт. Өзгөрүүлөр өлкөнүн башкаруу чөйрөсүндө гана эмес, жарандардын аң сезиминде да байкалып жатат деген пикирде.

Мурдагы 2 президенттин бийликтен күч менен кетирилишине бир нече себептер белгиленет. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Акаевдин да, Бакиевдин да башкаруулары кейиштүү аякташы үй-бүлөөлүк-кландык башкаруунун кесепети экенин кайталап келет. Ал эми бийликти узурпациялоо, шайлоолордун бурмаланышы, өлкөнү өкүм-зордук менен башкаруу да өзүнчө маселе. Мамлекет башчысы ыңкылаптар аймактардын кызыкчылыгы үчүн гана жүзөгө ашкан деген пикирлерди четке кагат. Эки революция тең жалпы кыргыз элине таандык. 

 Алмазбек Атамбаев: “Акаевди бийликтен кетиргенде кубанычыбыз койнубузга батпай турган. Бирок, бийликке андан алда канча ашып түшкөн адам келгенин көп узабай эле түшүндүк. Бүгүн айрымдар ыңкылаптарды түндүктөн же түштүктөн келгендер ишке ашырды деген пикирлерди айтып жүрүшөт. Бул чоң жаңылыштык. Акаевди кетирүүгө өзүнүн жердештери кеминдиктер да олуттуу салым кошкон. Андыктан ыңкылаптарды жалпы кыргыз эли ишке ашырды деп түшүнөлү. Кыргызстандын эли дайым бирге болуп келген”.

Эгемендүүлүк доордогу бурулуш окуяларды келечек муунга жеткирип, анын тарбиялык маанисин пайдаланууда тарыхчылар талыкпай иш алып барып жатышат. Өткөндөн сабак алуу, анын келечекте кайталанышынын алдын алат деген илимпоздор ыңкылаптын жылдыгын утурлап жогорку окуу жайлары менен мектептерде илимий-практикалык конференцияларды өткөрүп жатышат. Тарых жана саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов келечек муун эгемен Кыргызстан башынан өткөргөн оор күндөргө өзгөчө маани берип жатканын айтат. Эң негизгиси маалыматтарды туура талдап, салмактап, өздөрү жыйынтык чыгарышууда. 

6 жыл мурдагы кан төгүүлөргө негизги тиешеси барлардын жоопко тартылбай качып жүрүшү ыңкылаптын максаттарына байланыштуу өксүк жагдай. Жогоруда айтылган илимий иш-чараларда дал ушул маселеге да өзгөчө көңүл бурулууда. Күнөөкөрлөрдү кайтарып келүүгө жасалган дипломатиялык аракеттерден да, канкорду жашырып жатат деген айыптоолордон да майнап чыга элек.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз