Илим жана билим

Алманын курамындагы заттар рак илдетинен алыстатат image Фото: http://eco-mir.org

4 Апр, 2016 2237

Дүйнө жүзүндө биринчи жолу экологиялык учак Атлантиканы багындырат. Франциялык окумуштуу Рафаэль Динэлли ушул жылдын июнь айында Атлантиканы экологиялык коопсуз учак менен учуп өтөт. Ал буга чейин колдонууга берилип келген самолетторго салыштырмалуу күндүн нурунан алынган энергия менен иштейт. Анын үстүндө илимпоздор  2009-жылдан бери эмгектенип келишкен. Учактын канатында күндүн нурунан энергия алууга болгон жабдыктар орнотулган. Андан сырткары атайын иондук аккумуляторлор менен камсыздалган. Аны илимпоздор менен иштеп чыккан Рафаэль Динэлли башкарып, 60 саатка созулган узактыкты ал жалгыз багындырат. Учурда ал даярдык көрүп тынымсыз машыгууда. Тарыхый окуя Түндүк Америкадан башталып, Францияда аяктайт. Сыноо ийгиликтүү аяктаса аталган учактар эки орундуу болуп көп санда чыгарылат.  Иштеп чыккан илимпоздордун айтымында мындай экологияга зыянсыз учактар  буга чейин кыял болуп келсе, эми иш жүзүнө ашкан долбоор болот-дешүүдө.

Кытайлык ойлоп табуучу Голивуд жылдызы Скарлетт Йохансонго окшош робот иштеп чыкты. Робот америкалык актер айымга абдан окшош. Аны иштеп чыгууга жарым жыл убакыт кетип, ага 50 миң доллар акча каражаты корогон. Анын тетиктеринин 70 пайызы 3 өлчөмдүү басылмадан даярдалган. Ал колу-бутун кыймылдатып, башын айланта алат.  Андан сырткары ал жасалма интелектке жана адамга мүнөздүү ымдоолорго ээ.  Роботту иштеп чыккан кытайлык айым болушунча адамга окшош кылап жасоого аракеттенгендигин айтат.  

Бир күндө бирден алма жеп туруу адам өмүрүн узартат. 15-жылдык изилдөөлөрдөн кийин Австралиялык окумуштуулар күн сайын 1 даана алма жеп туруу 35 пайызга эрте өлүмдөн сактаарын аныктап чыгышты.  Изилдөөнү «Батыш Австралия» университетинин адистери өткөрүп, ага миңдеген адамдар катышкан. Анда жок эле дегенде күнүнө 100 грамм алма жегендерде узак жашоо мүмкүнчүлүгү байкалган. Ал эми жылына жок деген 15 даана алма жегендерде түрдүү оор илдеттер менен жабыркагандыгы аныкталган.

Ал эми дарыгерлер дагы алманын курамындагы заттар рак илдетинен алыстатып,  холестеринди төмөндөтөрүн белгилейт. Андан сырткары алманын кабыгындагы заттар кан айлантууну жакшыртып, жүрөк-кан тамыр орууларынын өрчүшүнөн сактайт. Мындай жакшы жактары белгилүү болгон соң окумуштуулар алма менен гана тамактанууну четке кагат. Анткени бул өсүмдүк көпчүлүккө жеткиликтүү болгондуктан изилденген.

Мирбек Сакенов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз