Society

Кыргызстанда телерадио берүү уюмдарынын ассоциациясы түзүлдү image Фото: KTRK/videograp

3 Окт, 2018 553

Кыргызстанда телерадио берүү уюмдарынын ассоциациясы түзүлдү. Курамына бир катар ири телерадио каналдын жетекчилери кирди. Максаты телерадионун цивилизациялуу  рыногун түзүү үчүн абалды изилдеп, талдоо. Жогорку сапаттагы ата-мекендик кантент өндүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүү. 

Бул багытта маалымат департаменти жана массалык коммуникация департаменти менен телерадио берүү уюмдарынын ассоциациясынын жетекчиси кызматташтык келишимине кол койду. Алар Кыргыз Республикасынын “Телекөрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө” мыйзам талабына ылайык ишмердик жүргүзүү шарттарын калыптандыруу багытында жол-жоболорду иштеп чыгуу үчүн биригелешкени айтылды маалымат жыйында.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз