Маданият

Бүгүн Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин туулган күнү image Фото: www

15 Окт, 2018 1073

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин туулган күнү. Ал 1921-жылдын 15-октябрында Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 

Эмгек жолун Талас облустук «Лениндик туу» гезитинен баштаган. Тунгуч ырлар жыйнагы “Биринчи жаңырык” деген аталышта 1949-жылы чыккан. Анын 1959-жылы жарык көргөн “Ак Мөөр” поэмасы анын чыгармачылыгындагы чоң бурулуш жасаган чыгарма. 2016-жылдын 16-июлунда Сүйүнбай Эралиев каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз