Коргонуу жана коопсуздук

Ысык-Көлдөгү “Эдельвейс” аскер полигонунда ЖККУнун кезектеги машыгуулары өттү image Фото: www

16 Окт, 2018 1448

Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда Жааматтык коопсуздук келишим уюмунун терроризмге каршы "Өз ара аракеттенүү 2018" деген аталыштагы машыгуу өттү. Балыкчыдагы эл аралык машыгууга  ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Тажикстандын жоокерлери катышып, 250 аскер техникасы менен 2 миңге чукул жоокер тартылды. 

Анда аскерлердин биргелешкен тобу куралчан топторго каршы туруу, маанилүү объекттерди террордук чабуулдардан коргоо, тоо шартында иштөө ыкмаларын иш жүзүндө көрсөтүп, машыгышты. Ошондой эле беш өлкөнүн аскерконтингенти террорчулукка каршы операцияны биргеликте ишке ашыруу жаатында тажрыйба алмашты. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз