Шаар көркүн бузгандар жазаланат image Фото: www

18 Окт, 2018 1038

Шаар аймагында жана башка калк отурукташкан жайларда көрктөндүрүү эрежелерин бузган жана өз учурунда таштандыларды тазалабаган жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат. 6 саат коомдук иштерге тартуу менен бирге 2000 сомдон 10 000 сомго чейин айып пул тагылаарын Бишкек шаардык мэриясынан эскертишет. 

Санитардык - экологиялык инспекциясы Бишкек шаарынын коркун бузган жана санитардык нормаларды сактабаган мекеме кызматкерлерин аныктап чыкты. «Лимон»кафесинин  жана «KG Групп» курулуш компаниясынын кызматкерлери уруксат берилбеген жерлерге таштандыларды кармашкан. Бул боюнча «администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин» 488- беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук администрациясынын комиссиясына  кароого жөнөтүлдү. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз