Экология

Борбор калаада эл аралык тоо форуму өтүүдө image Фото: KTRK/videograp

23 Окт, 2018 1644

Кыргызстан тоолуу өлкө. Өлкөнүн 92 пайызын тоо курчап турат. Деген менен бүгүнкү күндө негизги экологиялык маселелердин бири  бул – тоо жана анда жайгашкан мөңгүлөр. Тактап айтканда, акыркы мезгилдерде түбөлүк муз чокуларынын эрип  баратышы бир эле Кыргызстанды эмес, коңшу жайгашкан мамлекеттердин да тынчын алып турган кез. 

Буга дүйнө окумуштууларынын иликтөөлөрүндөгү 2030-жылдардан баштап жер планетасында суунун тартыштыгы байкалып баштады, -деген маалыматтары себеп. Адистердин маалыматтында, тоо экосистемасынын бузулуусуна климаттын өзгөрүүсү таасир өтүүдө. Мындай маалыматтар Бишкекте өтүп жаткан тоо форумунун катышуучулары тарабынан айтылды.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз