Коом

Көлбаев атындагы тоннель унаа кыймылы үчүн маал-маалы менен жабылат image Фото: www

27 Окт, 2018 744

Бишкек-Ош трассасындагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннель унаа кыймылы үчүн маал-маалы менен жабылып турат. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чаралар тоннелдеги желдетүү системасын оңдоп-түзөөгө байланыштуу көрүлүп жатат.

26-октябрда башталган иштер 4-ноябрга чейин созулат. Белгилүү болгондой, тоннель эртең мененки сегизден тогуз жарымга чейин жана түшкү экиден үч жарымга чейин жабык болот. Ал эми калган убакытта унаалар тоскоолдуксуз өтө алат. Министрлик айдоочуларды буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. 



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз