Саясат

Президент Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарына учуп кетти image Фото: www

29 Окт, 2018 1719

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенинин 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп кетти. 

Президент башка өлкөлөрдөн келген мамлекет башчылары менен бирге, Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз