Саясат

Өзбекстан тарап колдонуп келген 4 пансионат Кыргызстандын менчигине өттү image

5 Апр, 2016 1136

Ысык-Көлдүн жээгинде буга чейин Өзбекстан тарап колдонуп келген 4 пансионат Кыргызстандын менчигине өттү. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Темир Сариев кол койгон. Ага ылайык, Ысык-Көлдөгү Бостери айылындагы «Золотые пески», Кара-Ой айылындагы «Дилором», Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагында жайгашкан «Бустон» пансионаттары Кыргызстандын карамагына өттү. Ал арада жергиликтүү серепчилер Кыргызстан эгемендик алгандан бери уланып келаткан процесске  чекит койгонун белгилешүүдө.

Буга чейин Ысык-Көлдөгү пансионаттардын тейлөө шарттары жана коопсуздугу менен жайкы сезонго даярдыгы жана ишмердүүлүгү тууралуу сөз болуп келсе, бул жолу башка өлкөлөр пайдаланып келгендерин мамлекеттин менчигине өткөрүү тууралуу маселе көтөрүлүүдө. Ысык-Көл облусунда жалпы 160 пансионат болсо алардын 11и мамлекетке таандык. Эми мамлекеттин карамагына дагы 4 пансионат өтүүдө.  Өзбекстан тарап колдонуп келген эс алуу жайларын  Кыргызстандын менчигине өткөрүү тууралуу тиешелүү токтомго өкмөт башчы Темир Сариев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова тастыктады.

Өкмөттүн токтому чыгып алгачкы кадам жасалгандан кийин, эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу техникалык паспорт, Кызыл китеп  жана кабыл алуу актыларын даярдайт. Бул багытта фондко атайын тапшырма дагы берилген. Мекеменин төрага орун басары Мурадил Жумадилде уулу аталган жайлардын Кыргызстанга өтүүсүн мыйзамдаштырган чечим кабыл алынганын билдирет.

Мурадил Жумадилде уулу ушул жумадан баштап атайын комиссия түзүлөрүн жана пансинаттардын абалына баа берилип, Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткорүлөрүн кошумчалады. Ал арада Байконурду мисалга тарткан Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев,маселе буга чейин бир канча ирет көтөрүлүп, бирок кандайдыр бир себептерден улам чечилбей келгенин айтат. Ал  маселеде саясат жоктугун кошумчалап, Кыргызстан эгемендик алгандан берки созулган маселеге чекит коюлганын белгилейт

Кыргызстандын менчигине өтүп жаткан пансионаттарда эс алып жүргөнүн айткан экономист Искендер Шаршеев, бул  эс алуу жайларынын абалы ич жылытаарлык эместигин боолгойт. Бирок алды менен мамлекет бул обьекттердин башын ачып алса, андан пайда алуунун жолдору табылат-дейт серепчи.

Эске салсак, буга чейин аталган пансионаттар мамлекетке колдонгон электр энергия менен  салыгына гана каражат төлөп келишкен. Алар жеке ишкана катары эсептелип келгендиктен пайдадан киреше салыгы алынчу эмес. Ал эми бул обьекттер 80ге чукул гектар жери менен 1992-жылы кабыл алынган макулдашуунун негизинде мыйзам чегинде кыргыз тарапка өтүүдө.

М. Абдраманова, “Биринчи  радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз