Мирлан Асеков IGF версиясы боюнча грэпплинг спортунун дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу маалыматты социалдык түйүндөрдө спортчунун устаты Эмил Токтогонов таратты.
Маалыматка ылайык, «Монгол» каймана аты менен беттешке чыккан кыргызстандык спортчу жарым финалда Орусиялык спортчу менен беттешкен. Андан кийин латвиялык атаандашын утуп жеңишти багындырды. Мелдеш Вильнюс шаарында, 26-октябрдан 28-октябрга чейин өттү.