Sports

Кыргыз спортчулар пауэрлифтинг боюнча дүйнө Кубогунда 43 медаль утушту image Фото: v1.ru

31 Окт, 2018 842

Кыргызстандык спортчулар пауэрлифтинг боюнча дүйнө Кубогунда 43 медаль утуп алышты. Аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиргендей, мелдеш Москвада өттү. Ага 12 өлкөдөн келген спортчулар катышты. Кыргызстан курама командасынан 22 киши ат салышты. 

Алар ар түрдүү жаш өзгөчөлүктөрү, көнүгүү жана номинация боюнча 38 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль утуп алышты.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз