Маданият

Кыргызстандык кинорежиссёрлор Казакстанда өтө турган эл аралык фестивалга катышат image Фото: www

2 Нояб, 2018 561

Кыргызстандык жаш кинорежиссёрлор Казакстанда өтө турган студенттик тасмалардын VII эл аралык фестивалына катышат. Маалым болгондой, иш-чара 5-8-ноябрь күндөрү Алматы шаарында өтөт. 

Анда Кыргызстан, Россия, Казакстан, Израил, Түркия, Германия, Испания, Швейцария, Корея, Өзбекстан жана башка бир катар мамлекеттердин жаш киночулары өз тасмаларын көрсөтөт. Ал эми Кыргызстандын атынан Мээрим Догдурбекова, Евгений Чистяков, Сүйүнбек Гүлжигит уулунун кинофильмдери сынакка коюлат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз