Саясат

7-апрелди дем алыш күн деп белгилөө жөнүндөгү мыйзам кабыл алынды image Фото: kenesh.kg

6 Апр, 2016 373

Парламент 7-апрелди дем алыш күн деп белгилөө жөнүндөгү мыйзамды кабыл алды. Демилгечилердин бири депутат Рыскелди Момбековдун айтуусунда, эркиндик, демократия, адилеттик үчүн күрөштө курман болгондордун элесине таазим этип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын мамлекеттик статусун бекемдөө максатында, 7-апрелди Элдик Апрель революциясы күнү деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө демилгеси сунушталган. Талкуу жүрүшүндө сунушталган мыйзам долбоору дароо үч окууда 108 добуш менен колдоого алынды. Эми  ага президент кол коет. 

Эске салсак, 2016-жылдын 4-апрелинде мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Аксы окуясын, Март жана Апрель революцияларын түбөлүккө калтыруу  боюнча   жарлыкка кол койду.  Ага ылайык,  7-апрель – Элдик Апрель революция күнүн майрам күндөрдүн  тизмесине киргизүү  Жогорку Кеңешке  жиберилген.  Ошондой эле өкмөткө 17-мартты –  “Аксы окуяларынын күнү”   жана   24-мартты – “Элдик революция күнү” деп жарыялоо сунушу берилген.

Г.Усенова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз