Саясат

Пансионаттарды кайтарып алуу боюнча токтомго кол койулду image Фото: http://f.kolumb.kz/

6 Апр, 2016 601

Премьер-министр Темир Сариев Ысык-Көлдүн жээгиндеги буга чейин Өзбекстан пайдаланып келген "Алтын кум", "Рохат", "Дилором" жана "Бустон" пансионаттарын  Кыргызстандын  карамагына  өткөрүү  боюнча токтомго кол койду.

Учурда өкмөттүн токтомуна ылайык Мамлекеттик мүлктү башкаруу   фонду  объектилерди  мамлекеттин менчигине кабыл алуу жана инвентаризациялоо жүргүзүү, мүлктү баалоо   процедураларын  баштады.  Бул  үчүн  атайын  жумушчу  топ  түзүлүп,   4 пансионаттын  абалы  толук  иликтенип,  талдоого  алынат.  Мында  пансионаттардын   салык, социалдык фонд жана электр энергиясы боюнча төлөмдөрү, пансионаттарды   өнүктүрүү боюнча  инвестициялык келишимдерин аткарылышы  сыяктуу   жагдайлар  эске  алынарын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрага орун басары Мурадил Жумадилде уулу айтат.

Пансионаттарды    өткөрүп берүү процесси узак убакытка созулуп  чечилбей  келген  менен  акыры  өкмөт чечкиндүү  кадамга  барганын  кубаттоого  алган  талдоочулар  эми Кыргызстан аларды мындан ары  кандай пайдаланарын  кылдат  иштеп  чыгуу  керектигин  айтышат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун коомдук  кеңешинин  төрагасынын  орун  басары, экономист Чолпон  Алкадырова пансионаттардын Кыргызстанга  кайтарып  алуу  процесстерин  толук  чечкенден  кийин    мамлекеттин  карамагына  калтырганга  караганда   жеке   менчикке  сатуу  көбүрөөк  пайда  алып  келээрин  белгилейт.

Ал арада  айрым  талдоочулар     пансионаттарга инвестиция кылабыз дегендер бүгүнкү өкмөттүн аракетин көрүп, ойлорунан кайта баштайт  деген  пикирлер  да   болууда.  Бирок,  бул  ойго  Кыргызстандагы  чет өлкөлүк инвесторлор  бирлигинин  төрагасы   Искендер  Шаршеев  кошулбайт.    

Учурда  өзбек  тараптын  маселеге  карата  реакциясы  билине  электигин  белгилеген  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрага орун басары Мурадил Жумадилде  уулу   алар  кандай  айтса,  өз  суроолорун укуктук  талаада  коргоого  мүмкүнчүлүктөрү бар дейт. Бирок, Кыргызстан эч  кандай   компенсация төлөп бербейт жана ага негиз да жок.

Эске салсак, Ысык-Көлдөгү пансионаттар 1992-жылкы КМШ мамлекеттеринин ортосундагы келишим боюнча толугу менен Кыргызстандын менчиги  болуп  эсептелет.  Пансионаттардын жалпы аянты 80 гектардан ашып, жүз футбол талаасына барабар.

М.Базлакунова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз