Коом

Борбор калаадагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшү өзгөрөт image Фото: KTRK/videograp

12 Нояб, 2018 731

Борбор шаардагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшү өзгөрөт. Көп кабаттуу үйлөр менен жаңы конуштарга салууга боло турган тамдардын долбоору сунушталды. 

Мэрия Бишкектеги №105 жана 464-сериядагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшүнүн эскиздерин көрсөттү. Учурда борбор калаада архитектуралык эки конкурс өтүүдө. Биринчи сынактын максаты — бул сериядагы үйлөрдүн жылуулук техникалык абалын жана имараттын дизайнын жакшыртуу. Экинчиси - жаңы конуштарга салына турчу бир бөлмөлүү үйлөрдүн долбоорун аныктоо болду. Конкурс быйыл май айында Кыргызстандын архитекторлор союзу тарабынан жарыяланган. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз