Кыргызстан жаңылыктары

Бишкекте көчөттөрдү үшүктөн сактоо үчүн жылуулоо иштери жүрүп жатат image Фото: www

15 Нояб, 2018 988

Борбор калаада жаш көчөттөрдү үшүктөн сактоо үчүн жылуулоо иштери жүрүп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкек жашыл чарбасынын” кызматкерлери быйыл отургузулган жаш көчөттөрдү жылуу мүшөктөр менен ороп жатышат. 

Жалпысынан көчөлөрдө, гүлбактарда, эс алуу жайларында отургузулган 10 миңден ашуун көчөт жылууланат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз