Саясат

Кыргызстанга люстрация мыйзамы керекпи? image

7 Апр, 2016 466

Кыргызстанда люстрация жөнүндөгү мыйзамдын зарылдыгы апрель окуяларынан кийин байма-бай айтылып,  атүгүл кол топтоо сыяктуу аракеттер болгондугу белгилүү. Мурунку бийликтердин тушунда таза эмес иштеген адамдарды саясатка, бийликке   аралаштырбоонун бирден-бир чарасы катары берилген сунуштар апрель окуясынын 6 жылдыгын белгилөө учурунда дагы бир ирет көтөрүлдү.    

Люстрация - тазалануу процесси  дүйнөнүн  өнүккөн  бир  катар  өлкөлөрүндө  колдонулуп  келет. Кыргызстанда ошол кездеги Убактылуу  өкмөттүн мүчөсу   болгон  Топчубек Тургуналиев “Люстрация жөнүндө” мыйзамды киргизүү зарылдыгын алгачкылардан болуп жарыялаганы  эсибизде . Ал түгүл “Элдик люстрация кыймылы” деген уюм да негизделген. Алар бийликти паракорчулардан, үй-бүлөлүк башкарууну орнотууга салым кошкондордон тазалоо керек деп эсептешип, бийликке бир нече  ирет  кайрылуу  жолдошкон эле.  Бирок,   бул  маселе бирдей колдоо  таппай, маселе  көтөрүлгөн  бойдон ара жолдо калганы белгилүү.  Буга  бир  канча  себептер  болгондугун  белгилеген  Убактылуу  өкмөттүн  мүчөсү  болгон коомдук ишмер, Эмил Каптагаев ириде күч структураларын  тазалоо  маселесине  көңүл  бөлүнбөй  калгандыгына  ичи  ачышат.

Эске салсак, люстрация же тазалануу мыйзамы эл аралык тажрыйбада кеңири колдонулуп келген. Таза эмес бийлик менен чырмалышкан, мыйзамсыз ишке аралашкан чиновниктерди жазалоо методу.  Сталин режиминде айрым адамдар атууга чейин кеткени айтылат. Германияда чиновниктерди абакка салуу жазасы кеңири колдонулган. Чехия люстрация мыйзамынын негизинде коррупциялашкан чиновниктерди бир нече жылдар бою мамлекеттик кызматтан четтетүү тажрыйбасын киргизген.

М. Базлакунова, “Биринчи радио”   

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз