Саясат

Транспорт жана коммуникация министри Малабаев кызматтан алынабы? image Фото: http://data.zanoza.kg

7 Апр, 2016 596

Өкмөт башчы Темир Сариев транспорт жана коммуникация  министри  Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча президент Алмазбек Атамбаевге сунуш  киргизди. Мындай чечимге Малабаевдин Балыкчы – Корумду жана аэропорт автожолунун курулушунда кетирген кемчиликтери себеп болгон.  Бирок, өкмөттүн  транспорт жана коммуникация министрин кызматтан кетирүү боюнча президентке киргизген сунушу артка кайтарылды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Анда актынын укуктуулугун камсыздоочу негиздерди тактоо зарылдыгы белгиленген.  Белгилей  кетсек, буга чейин өкмөт Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун курулушун текшерүү үчүн атайын комиссия түзгөн болчу. Комиссиянын чечими, өкмөт башчынын сунушу менен  башкы жолчу  макул  эмес.

Өкмөттүн  маалыматтык кызмат бөлүмүнүн  башчысы  Назира  Ахмедова билдиргендей,  премьер-министр президентке транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматтан кетирүү боюнча сунушту  6-апрелде  киргизген. Текшерүүнүн натыйжасында курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, мындан улам аталган комиссия жолдун курулушуна жоопкер министрликтин жетекчилиги ээлеген кызматына дал келерин карап чыгууну сунуштаган.

Бирок өкмөт башчысынын сунушу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамдын беренелерине туура келбегендиктен, президент  Алмазбек  Атамбаев тарабынан  кайтарылды.  Документте  актынын укуктуулугун камсыздоочу негиздерди тактоо зарылдыгы белгиленген. Кызматтан алуу боюнча  өкмөт башчынын  сунушу  менен  транспорт  жана коммуникация  министри  Аргынбек  Малабаев  да макул эмес. Жол куруу иштери боюнча  тендер өткөрүү министрликтин  милдетине  кирбейт, бирок  мыйзам бузуулар  менен  өткөн  тендерге  жетекчи катары  жооп берем. Бирок менин дарегиме  айтылган  айыптоолор  курулай жалаа деген Малабаев,  өкмөт башчынын  сунушу  далилденсе   мыйзам алдында жооп берүүгө  даяр  экендигин  билдирди.

Антикоррупциялык  ишкердик кеңеш  бийлик  органдарында   коррупциялык иштер  боюнча   мониториг   жасап келгендиги  маалым. Аталган  кеңештин   башчысы  Нурипа  Муканованын айтуусунда, транспорт жана  коммуникация  министрлигине  жүргүзүлгөн    мониторингде  мамлекеттик сатып  алуу  мыйзамында белгиленген  шарттар көрсөтүлгөн эмес.

Кошумчалай  кетсек,  Президент Алмазбек  Атамбаев  УКМКнын коррупцияга каршы кызматына   Малабаевдин   Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду  жолун  куруу боюнча  тендерди өткөрүүнү  иликтөөгө   алган өкмөт  аралык  комиссиянын  чечимин тыкыр текшерүүнү тапшырды.  Мындан сырткары,  тендер өткөрүүдө  үчүнчү тараптын кийлигишүүсүн, тактап айтканда,   тендерди утуп алган Кытай компаниясынын өкүлү  менен орун басары Улан Уезбаевдин  ич ара сүйлөшүүүлөрү боюнча министрдин өзүнүн  айыптоосун дагы текшерүүнү буйурду.

Г.Каражанова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз