Коргонуу жана коопсуздук

Патрулдук милиция кызматы кайра түзүлөт image Фото: www

21 Нояб, 2018 1627

Патрулдук милиция кызматы кайра түзүлөт. Ишке ашуу реалдуулугу канчалык? Дал ушундай суроо менен Парламентин тармактык комитети Патрулдук милициянын түзүлүшү тууралуу жеринен маалымат алды. 

Анда эл өкүлдөрү көчмө жыйын өткөрүп, жаңы түзүмдү каржылоо, ишке ашыруу жолдорун талкууга алды. Бул демилге жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча стратегиянын алкагында ишке ашат. Реформаны жүзөгө ашыруу 3 этап менен ишке ашып, Патрулдук милицияга мурда бул системада иштебеген адамдар көбүрөөк алынат.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз