Саясат

Тайланддын хан бийкеси Кыргызстанга келди image

7 Апр, 2016 475

Кыргызстанга биринчи жолу Тайланддын хан бийкеси расмий сапар менен келди. Иш сапарынын алкагында  хан бийке мамлекет башчы  Алмазбек Атамбаев жана жубайы  менен жолукту. Мындан тышкары Кыргыз улуттук университетинин эмгек жамааты менен жолугуп, Конфуций институтунда болду.  Жогорку даражадагы мейманды  Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары тосуп алды. Бул тууралуу “Биринчи радиого” аталган мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Нурлан Сүйөркулов  кабарлады.

“Хан бийкенин кыргыз жерине жасаган биринчи иш сапары экономика, маданият, билим берүү жана туризм тармагында өлкөлөр ортосундагы байланышты жандантууга түрткү берет. Тайланддын өкүлү иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев жана өлкө башчынын жубайы Раиса Атамбаева менен жолукту. Мындан тышкары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине  барат жана ага университеттин ардактуу профессору наамы тапшырылат. Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр сүрөт музейине да барат.

Маалыматтарга караганда, Таиланддын ханбийкеси, Пхумипхон Адульядетанын кызы жана ал 1977-жылдан тарта Тайланд  падышачылыгынын хан бийкеси аталып келүүдө. Ал бир тууган агасынан кийинки эле тактын ээси. Мамлекетинин өсүп-өнүгүүсү үчүн ал өз салымын кошуп, көптөгөн социалдык долбоорлорду ишке ашырды. Бүгүнкү күнгө чейин ал чет өлкөлөргө барып, дипломатиялык миссияларды аткарып келет. Падышалык тактын ээси өз өлкөсүндө кадыр-баркка ээ. 60 жылдык  юбилейинде анын урматына чоң иш-чаралар уюштуруп, падышанын үй-бүлөсу  абакта отурган 35 миң  айыпкерге мунапыс берген. Бул Тайланд мамлекетинин тарыхындагы чоң амнистия болуп калды.

Г.Усенова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз