Саясат

Сариевдин кызматтан кетүүсү тууралуу маалымат төгүнгө чыкты image Фото: gov.kg

8 Апр, 2016 413

Премьер-министр Темир Сариевдин кызматтан кетүүсү тууралуу маалыматты өкмөттүн маалымат катчысы Бакыт Асанов четке какты. Анын айтуусунда, Темир Сариевдин бүгүн Орусиянын Мамлекеттик думасынын башчысы Сергей Нарышкин менен жолугушуусу каралган. Бул тууралуу ал “Биринчи радиого” билдирди.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Темир Сариев өз каалоосу менен кызматтан кетүү өтүнүчүн президентке жолдой турганын Ак үйдөгү өздүк булактарга таянып бир катар маалымат булактары жазып чыгышкан.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз