Аксы районунда жер көчкү жүрдү image Фото: www.gismeteo.ua

8 Апр, 2016 490

Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Кулунчак участкасында райондук Токой чарба ишканасынын карамагындагы 7гектар жерге Кулунчакты колотунан жер көчкү жүрүп, натыйжада 8 сотых көчөт өстүрүүчү жердин 5 сотых жерин, өстүрүлүп жаткан көчөттөрү менен басып калган. Өзгөчө кылдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жер көчкү жүргөн аймак жайлоодо, калктуу конуштардан 100 чакырым алыстыкта болгондуктан, калк жана айыл чарба жандыктары жабыркаган эмес. Аталган аймакта жер көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан, жер көчкүнүн көлөмү жана келтирген материалдык чыгым такталууда.Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы көпүрө авариялык абалда турат. Натыйжада 6-7 кожолук үйдө унаа жол каттамы үзүлгөн, бирок жөө адамдар өткөнгө жарактуу. Райондук мамлекеттик администрация жана КР ӨКМнин райондук бөлүмү тарабынан көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Маалыматтарга караганда, аталган көпүрө 1980-жылдары курулган.

Г.Каражанова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз