Жалал-Абад облусундагы жер көчкү 5 бодо малды басып калды image Фото: http://mes.kg

12 Апр, 2016 1061

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сузак районунда 11-апрель күнү саат 16:00лар чамасында Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алчалуу айылынан 100 метр алыстыктагы жайыт жерде көлөмү болжол менен 30000  метр куб  жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнүн кесепетинен айылдын  булагы тосулуп, бирок жергиликтүү тургундар тарабынан суунун нугу калыбына келтирилди. Алчалуу айылындагы 3 электр мамычалары жабыркап, 31 кожолук убактылуу электр энергиясыз калган. Мындан тышкары, жер көчкү жайытта жайылып жүргөн 5 бодо малды жана 19 түп теректи басып калган. Кооптуу жерде жайгашкан 2 үй-бүлөнү коопсуз жайга чыгуусу боюнча жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан эскертме берилди. Бүгүн электр энергиясын калыбына келтирүү иштери райондук электр тармактар ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери улантылууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз