Sports

Майыптар арабасындагы спорттук бий боюнча мелдеш өттү image Фото: sport.kz

12 Апр, 2016 394

Астанада майыптар арабасындагы спорттук бий боюнча мелдеш өттү.Турнирге Грузия, Кыргызстан, Тайпей, Орусия, Австрия жана Казакстандан 80ден ашык спортчулар катышты. Кыргызстандын атынан Самыйбек кызы Адина барды. Ал фристайл программасы боюнча жалгыздап аткарууда 5-орунду ээлеп, диплом менен сыйланды. Бул лицензиялык турнир болуп эсептелет. Жыйынтыгында топтолгон упайлар кытайлык Тайпейде ноябрда өтө турган Азия чемпионатына спортчулардын катышуусуна жолдомо берет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз