Society

"Электрондук өкмөт" мектептен башталмай болууда image Фото: http://erkintoo.kg

12 Апр, 2016 1213

Анткени  бардык окуучуларга ата-энесинин пин-номерлерине байланышкан жеке идентификациялык номерлери берилерин Мамлекеттик каттоо кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, окуучулар пин-номерлерге июнга чейин ээ болот. Долбоор алкагында жыл соңуна чейин каттоо кызматынын архивиндеги бардык документтер санарип форматка өткөрүлмөкчү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин билдирүүсү боюнча, учурда билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларына дагы пин-код берүү долбоору иштелип чыкты. Ага ылайык, эки айдын ичинде бир миллионго жакын окуучуга идентификациялык номер берүү пландалууда. Берилген номерлер окуучулардын ата-энесинин пин-номерлерине байланыштуу болот.

Окуучулардын жеке маалыматын санарипке өткөрүү менен ага удаа электрондук санжыра ишке киргизилмей болууда. Анын негизинде электрондук санжыра муундан муунга калып, кийинки урпак өзүнүн ата-бабасы тууралуу кененирээк билүүсүнө шарт түзүлөт.Эң негизгиси санжыра долбоору саясат, кадр маселесиндеги тууган урукту жумушка орноштуруу жана коррупциялык схеманы жокко чыгарат-дейт Сарпашев.

Бул аракетти ишке ашыруу үчүн каттоо кызматы калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин баштапкы моделин иштеп чыккан. Андан тышкары, учурда ЗАГС документтеринин электрондук архивин түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Мында 1940-жылдан берки документтер каралат. Негизи Электрондук өкмөт түзүлсө иш женилдеп, тапшырмалар дагы бат атркалы баштайт. Аны менен катар ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө дагы бөгөт болмок-дейт юрист Кайрат Осмоналиев.

Ошентип Мамлекеттик каттоо кызматы ар бир окуучуга пин-код берүүнү көздөөдө.   Ошол коддор менен ата-энен да өзүнүн баласынын  жетишкендиктерин, кайсыл сабактар өтүлүп жаткандыгын көрүп тура алат-дешет  адистер. Учурда долбоордун алкагында мектептерди интернетке туташтыруу,  жабдыктар менен камсыз кылуунун үстүндө иштер уланууда. Эске салсак, пин-код англис тилинен которгондо «жекече өздүк номер» дегенди билдирет. Алгач картон картасынан  акча алуу кызматы ишке киргизилген. Бул кызматты ишке киргизүүдө алгачкы жолу пин-код колдонулган.
 М.Абдраманова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз