Чек ара

Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери чек ара маселесин талкуулайт image Фото: kabar.kg

17 Дек, 2018 1907

18-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери чек ара маселесин талкуулайт. Маалыматтарга караганда, Ош облусунда Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облустарынын башчылары кеңешинин экинчи жыйыны болот. 

Эки тараптын кызматташтыгын чыңдай турган бул жолугушууда актуалдуу маселелер көтөрүлүп, жыйынга эки өлкөнүн өкмөт башчылары төрагалык кылганы жатат. Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1 миң 378 чакырымга барабар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз