Диний окуу жайлар аттестациядан өттү image Фото: muftiyat.kg

12 Апр, 2016 2026

Өлкөдөгү диний окуу жайларды аттестациядан өткөрүүнүн алгачкы этабы жыйынтыкталды. Эрежеге ылайык диний окуу жайлардын башчыларына диний жана светтик билими болушу талап кылынат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча диний билим берген 384 мугалимдердин 71 медресе башчылары, куранды жатка билген карылар аттестациядан өтүшкөн. Серепчилер Исламдык билим берүү жаатында адистер жетишсиз экендигин белгилешет. Деген менен Өлкөдөгү диний окуу жайларынын мугалимдеринин билим деңгээлин көтөрүү аракети келечекте жакшы  натыйжа берерин айтышат.

Өлкөнүн Коргоо кеңеши 2014-жылдын ноябрында диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясын кабыл алган.

Жаңы концепция 2020-жылга чейинки диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктаган. Анда Кыргызстан укуктук мамлекет экени жана дин менен мамлекеттик органдар бири-биринен ажыратылганы белгиленип, бирок мамлекет диний иштерди өз алдынча таштап коё албасы бекем эскертилген.

Аттестацияга ылайык муфтият имамдарды, диний окуу жайлардын мугалимдерин  аттестациядан өткөрөт.

Ал эми кечээ өлкөдөгү медреселерге, алардын мүдүрлөрүнө, мугалимдерге болгон аттестация жыйынтыкталды. Анын жыйынтыгы жаман эмес экенин Муфтияттын аттестациялоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Замир Ракиев маалымат жыйында белгиледи.

Аттестациялык комиссия иштин жүрүшүндө көйгөйлөр келип чыкпай койбойт. Муфтият бул маселени жоюунун үстүндө аракеттер көрүлүп келатканын айтат. Мында негизинен окуу жайлардын документтери, статусу сыяктуу маселелер бар.

Кыргызстанда Исламдык билим берүү жаатында адистер жетишсиздиги да өзүнчө көйгөй экенин диний серепчи Кадыр Маликов айтат. Бул өз кезегинде диний-экстремизмге каршы күрөштө өз кедергисин тийгизет дейт ал. Ошондуктан абалды жакшыртуунун жолдору каралышы керек дейт Кадыр Маликов.

Мамлекет диний чөйрөдөгү абалды жөнгө салуу боюнча атайын саясат жүргүзүүсүнө диний-экстремизмдин күч алып кетиши себеп болгон.

Ар кандай тескери үгүттөргө азгырылып экстремизмдин агымы менен согуш жүргөн араб өлкөлөрүнө кеткен кыргызстандыктар көбөйгөн болчу. Алар өзүлөрүнүн адабияттарын таратуу менен да үгүт жүргүзөт.

Күч органдары бул боюнча Өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен иш жүргүзгөнүн комиссиянын башкы адиси Замир Турсунбеков айтат.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты аныктаган концепцияны үч этап менен ишке ашыруу каралган. Анын биринчи этабында мыйзамдар, жол-жоболор, мамлекеттик органдардын функциялары талданууга тийиш. Экинчи этабында концепция ишке ашырылат. 2020-жылы болсо үчүнчү этабында концепцияны ишке ашыруунун жыйынтыктары талданат.

Бозулан Ысаков, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз