Экология

Таштадынын 26 пайызын пластик буюмдары менен баштыктар түзөт image Фото: www

17 Апр, 2019 869

Пластик буюмдары менен желим баштык таштандынын 26 пайызын түзөт. Бул тууралуу Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов маалымат жыйында билдирди. Аталган агенттик буга чейин желим баштыктарды өндүрүүгө, импорттоого тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыкканы менен бизнес өкүлдөрүнүн колдоосун таппай келет. 

Сунушталган мыйзам долбоору өтпөй калган соң, калыңдыгы 20 микронду түзгөн желим баштыкты пайдалануу, импорттоо жана экспорттоо сунушун киргизүүдө. Айта кетсек, желим баштыкты пайдалануу дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде тыюу салынган.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз