Саясат

Парламентте визасыз режим талкуу жаратты image Фото: www

25 Дек, 2018 2251

Кыргызстандын 55 өлкө менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу демилгеси Парламентте талкуу жаратты. Мындай сунуш Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде көтөрүлүп, экинчи окууда каралды. Айрым өлкөлөр 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондон улам аны азыртан узартуу зарылдыгы чыккан.

Тизмеге кошумча киргизиле турган мамлекеттер булар Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина жана Оман. Бирок сунушталып жаткан мыйзам долбооруна бир катар эл өкүлдөрү ички коопсуздукка коркунуч жаратат, экстремизм, терроризм кооптуулугу жогорулайт деген жүйө менен каршы чыгууда. Деги эле мыйзамдын иштөө механизми кандай? 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз