Балдар

Балдардын коопсуздугун сактайлы! image Фото: www

22 Апр, 2019 1165

Акыркы убактарда республикада кичинекей балдардын жоголуп же сууга түшүп кетип, табылбай жатканы коомчулуктун тынчын алууда. Алсак, 19-апрелде Базар-Коргон районунун Акман айылында жоголгон 5 жаштагы Эдилбек али күнгө чейин табылбай жатса, Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 11-апрель күнү чөгүп кеткен 5 жаштагы Барсбектин денеси 19-апрелде табылган. 

Бишкек шаарында болсо, Кара-Жыгач конушунан 6 жаштагы эки кыздын жоголуп кеткендиги тууралуу арыздын негизинде, милиция кызматкерлери ыкчам издөө аракеттерин жүргүзүп, жоголгон кыздар ата-энелерине өткөрүлүп берилген. Жакында күн ысып, шаардагы көлмөлөрдө сууга түшүү мезгили башталат. Андыктан адистер, ата-энелерге балдарына сак болуп, көчөдө, сууда коопсуздук эрежелерин кантип сактоо керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кеп-кеңештерин берүүдө.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Раткан Асанова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз