Саясат

Максим Бакиевге карата соттук иш жанданат image Фото: http://image.newsru.com

12 Апр, 2016 927

Максим Бакиевге карата соттук доо арыздын мөөнөтү бүтүп, кыргыз тарап Улуу Британиянын сотуна  кайрылууга үлгүрдү.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында Башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди. Маалыматка ылайык, дооматтын эскирүү мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде бүтмөк. Ал арада жергиликтүү серепчилер Максим Бакиев убагында Кыргызстандын ичинде өз мамлекетин курууну көздөгөнүн эске салышып, аны экстрадициялоого колдон келген аракетти көрүү зарылдыгын айтышууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева интернеттеги  баракчасына өкмөт Максим Бакиевге карата соттук доо арыздан баш тартканын жазып чыккан болчу. Андан көп өтпөй эле бул маалыматты өкмөт  четке каккан. Бул ирет Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында Башкы прокурор Индира Жолдубаева кыргыз тарап Максим Бакиевге карата жарандык доо арызды Улуу Британиянын сотуна берүүгө үлгүргөнүн тастыктады. Кыргызстандын аймагында жасалган экономикалык кылмыштар боюнча айыпталган Максим Бакиевге карата соттук дооматтын эскирүү мөөнөтү быйыл 6-апрелде бүтмөк.

Ал арада жергиликтүү серепчилер кыргыз бийлиги качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди эл аралык уюмдар жана соттор аркылуу экстрадициялоого жетишиши керектигин белгилешүүдө.Анткени ал өлкө ичинде өз мамлекетин куруу аракетин көргөнүн коомдук ишмер Жыпар Жекшеев эске салсат. Анын пикиринде, Бакиевдин кичүү уулу  Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү агенттиги баарын башкаруу укугуна ээ болуп, ансыз өлкөдө бир дагы  кыбыр эткен чечимдер кабыл алынбай калган.

Мындай пикирди колдоорун айткан эксперт Борон Жаанбаев, Максим Бакиевди Кыргызстанга кайтарып алууга  оңой эмес чыгым жана убаракерчилик  кетерин айтат. Ал үчүн укуктук –нормаларды Улуу Британиянын талаптарына ылайыктап, болгон далилдерди келтирүү керек. Анын үстүнө ортодо эл аралык келишимдин жоктугу дагы ишти кечеңдетүүдө.

Ал эми алды менен ортодо кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча тиешелүү келишимге жетишүү аракетин көрүү зарылдыгын УКМКнын төрагасынын  мурдагы орун басары Марат Иманкулов белгилейт. Анын баамында,  бул жолу дагы кайрылуудан жыйынтык чыгат-деп айтуу кыйын. Анткени Улуу Британиянын сотуна кандайдыр бир геосаясий басымдар болбой койбойт-деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок  Кыргызстанга аны кайтарып алуу боюнча эл аралык конвенцияларда тийиштүү механизмдер бар дейт ал.

Эске салсак, Апрель окуясынан  кийин бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим учурда Британияда баш калкалап жүрөт. 2010-жылдын майында ага карата Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Көп өтпөй июнь айында Улуу Британиянын чек ара агенттиги тарабынан колго түшүрүлүп, камакка алынган. Кийинчерээк Максимге аталган өлкөнүн аймагында убактылуу туруугу уруксат берилген. Кыргызстанда Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикти жетектеп турганда коррупцияга аралашкан, өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишим түзгөн деген айып менен 25 жылга сыртынан соттолгон .

 М. Абдраманова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз