Маданият

Баткендеги театрга 1 млн сомдук жаңы музыкалык жабдыктар алынды image Фото: www

26 Дек, 2018 4404

Баткен облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрына 1 млн сомдук жаңы музыкалык жабдыктар алынды. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Бакыт Акматов билдирди.

Анын айтымында, театрга акыркы жолу 2006-жылы музыкалык жабдыктар, улуттук музыкалык аспаптар алынган. Эми театр 60ка жакын музыкалык аспаптар менен камсыздалып, кызматкерлердин иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлдү. Жаңы жылдык иш-чаралар жаңы аппараттардын жардамы менен өткөрүлөт.

Мындан тышкары быйыл театрдын имаратынын тамчы өтүп жүргөн чатыры оңдолду. Имаратты оңдоо иштерине 24 млн сом сарпталган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз