Илим жана билим

Венгриянын жогорку окуу жайлары гранттык орундарга сынак жарыялады image Фото: www

26 Дек, 2018 1418

Венгриянын белгилүү жогорку окуу жайлары гранттык орундарга сынак жарыялады. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Чет өлкөдө бекер окуугусу келген Кыргызстандык студенттер министрликтин сайтына кирип маалымат алып, онлайн маектешүүгө катышып, келерки жылдын 15-январына чейин катталуусу керек.  

Ал эми керектүү документтерди 2019-жылдын 1-февраль чейин жөнөтүүсү зарыл. Бирок акыркы учурда, көпчүлүк студенттер жеке компаниялар аркылуу чет өлкөгө окуу жайга өтүп кетүүнү самап, алданып калган жагдайлар бар экенин, экспеттер эске салат.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Бегайым Абдыкадырова "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз