Ден соолук

Жаңы жыл түнү Бишкек шаардык тез жардам кызматына кайрылгандардын саны 333 адамга жетти image Фото: KTRK/videograp

2 Янв, 2019 2947

Жаңырган жылды тоскон түнү Бишкек шаардык тез жардам кызматынын 37 бригадасы иштеп, 103 номерине чалып кайрылгандардын саны 333кө жетти. Ала-Тоо аянтында бир тез жардам бригадасы нөөмөттө туруп, кайрылгандарга жеринде медициналык жардам көрсөтүп турду.

Ала-Тоо аянтында күзөттө турган медициналык бригадага 12 адам кайрылган. Мунун бирөөсү инфарктка кабылып, Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборуна жаткырылган. Жардыргыч затты туура эмес пайдалангандан улам дагы 1 бала бетин күйгүзүп алган.

31-декабрдан 1-январга караган түнү 4 киши каза болду. Мунун экөөсү өтүшүп кеткен оорудан, башка бири онкологиялык оорудан, дагы бирөөсүнүн себептери такталууда.

3 жол кырсыгы катталып, баш мээси чайкалган 1 киши Бишкек шаардык травматология жана ортопедия бөлүмүнө, экөө улуттук нейротравматология госпиталына жеткирилген.

Тез жардам кызматынан билдиришкендей быйыл өткөн жылкыга караганда кайрылуу азыраак болду. Медициналык жардамга көбүнчө майрамдын эртеси болгондон кийин 1-январдан баштап көбүрөөк кайрылууда. Көпчүлүгү алкоголду ашыкча сеп этип алгандар менен тамакты ашыра жегендер жана жаш балдар.

Жаңы жыл түнү 37 тез жардам бригадасы иштесе 1-январда 38 бригада жумушка чыкты. 



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз