Коом

Жол эрежесин бузгандарга айып пулдун өлчөмү көбөйдү image Фото: www

2 Янв, 2019 1227

Жол эрежесин бузгандарга айып пулдун өлчөмү көбөйдү. 1-январдан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Өзгөчө мас абалда унаа башкаргандар айыпты мурдагыдан көп төлөйт. Тагыраак айтканда, 17 500 сом штраф төлөйт. Ал эми көрсөтүлгөн ченден ашып, катуу айдагандарга 7 500 сом салынат. 

Ал эми тартип сакчысына баш ийбегендер беш жарым миң төлөйт. Ушундай эле сумма куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочулар жана айдоочулук күбөлүгү жок рулга отургандарга тиешелүү. Машинаны башкарып бара жатып коопсуздук курун тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айыпка жыгылат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз