Элдик репортер

Элдик репортер: Соода борбордун айынан турак үйлөрдү суу каптап жатат image Фото: KTRK/videograp

25 Апр, 2019 517

Бишкек шаарындагы Фурманов менен Балтагулов көчөлөрүнүн жашоочуларынын короолорун жамгырдан кийин суу каптап жатат. Жашоочулардын айтымында ошол районго курулган Азия Молл соода борборунун жолу бийиктелип, алардын көчөлөрү ылдыйлап калган. Ошол күндөн бери жамгырлуу күндөрдө арыктан суу ашып, көчө, короолорду суу каптап, айласын кетирүүдө. Бул маселени мэрияга чейин көтөрүп чыгышкан. Бирок карап, тийиштүү чара көрүлөт деген убалары менен жок болушкан. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз