Аймактык жаңылыктар

Нарын районунун Жер-Көчкү айылында таза суу чыгарылды image Фото: www

8 Янв, 2019 1844

Жылдын жаңырышы менен Нарын районунун Жер-Көчкү айылында таза суу чыгарылды. Мындай жагымдуу жаңылыкка жергиликтүү эл кубанып, көптөн бери көксөгөн көйгөйүнөн кутулуп жатышат. Алар буга чейин айыл аралап аккан арыктан мал менен чогуу суу ичип калышкан.

Айылдын таза суу менен камсыз болушу 7 жаштагы Дөлөкбекти чоң түйшүктөн арылтты. Болбосо кыштын ызгаар суугунда ал жөө жалаңдап, сууга жөнөчү. Эми анын санаасы тынып, кенен ойногонго үлгүрөт.

Кышы катаал келген Жер-Көчкүгө таза суу кирет деген жаңылыкты жергиликтүү эл күтпөй деле калган. Эми алардын кыялы орундалып, 121 үйгө таза суу кирди. Буга мамлекет он бир миллион сомдон ашык каражат которуп, жалпы алты чакырым жерге суу түтүктөрү орнотулду. Эске салсак, Нарын району боюнча 36 айыл болсо, алардын алтоондо таза суу жок болчу. Быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында эки айылга суу кирип, төртөөнө таза суу тартуу каралып жатат.

Өлкө боюнча жалпы таза сууга муктаж болгон 653 айыл бар. Бул көйгөйдү мамлекет башчы 2023-жылга чейин чечүүнү планга койгон. Учурда бул маселени орундатуу үчүн жер-жерлерде иштер жүрүп жаткан убагы.

Суу - өмүр булагы демекчи ушул убакыт аралыгында таза сууга болгон муктаждык жоюлуп, калктын көздөгөн көйгөйү чечилет деп үмүт арткандар арбын.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз