Кырсык

Лебединовкадагы дүкөндөн чыккан өрт 8 сааттан кийин өчүрүлдү image Фото: KTRK/videograp

8 Янв, 2019 2851

Лебединовка айылындагы дүкөндөрдүн биринин кампасынан чыккан өрт 8 сааттан кийин өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, тилсиз жоо 7-январда саат 19:26да чектөөгө алынып, 23:41де толугу менен өчүрүлдү. 

Кырсык тууралуу маалымат "101" кызматына саат 15:57де келип түшкөн. Жеринде төрт өрт өчүрүүчү унаа иштеди. Кампада азык-түлүктөр күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген зыяндын көлөмү такталып жатат.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз