Илим жана билим

Москванын мектептериндеги мигрант балдардын саны 60 миңге жетти image Фото: www

8 Янв, 2019 2511

Москванын мектептериндеги мигрант балдардын саны 60 миңге жеткен. Мындай статистика Россиянын Улуттук изилдөө университетинин Билим берүү институту жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгон. Бул туурасында "Комсомольская правда" басылмасы жарыялады. Изилдөөдө көрсөткөндөй мигранттын балдары окууда ийгилик жаратып, керек десе мектепти алдыга сүйрөөрү ачыкталган. 

Россиядагы мекендештер ЕАЭБге кошулганы балдарды мектепке жайгаштыруу кыйла жеңилдеп калганын, окуучулар мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүүдө алдыңкылардын бири экенин, бирок миграция агымы токтоп, жеткинчектер Кыргызстанда билим алса деген ойлору менен бөлүштү.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио" 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз