Коом

Бишкекте иретке келтирүү иштери уланууда image Фото: KTRK/videograp

8 Янв, 2019 350

Бишкек шаарынын мэриясы шаардык базарларда, көчөлөрдө жана аянттарда тазалоо иштерин улантууда. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы учурда “Орто-Сай” базарында жана “Ала-Тоо” аянтында атайын текшерүү жүргүзүүдө. 

Базарында жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында уруксаты жок, жеңил орнотулган объекттер түрттүрүлгөн. “Ала-Тоо” аянтында мыйзамсыз соодага бөгөт коюлган.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз