Policy

Парламенттеги көпчүлүк Жээнбековдун талапкерлигин колдоду image Фото: internet

13 Апр, 2016 1173

Парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген фракциялардын бардыгы өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоду.   Ал арада ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматтан кетүү боюнча арызын  берээрин  “Өнүгүү- прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев айтып чыкты.  Эми  Жогорку Кеңештин төрагалыгына ким келет деген суроо  көпчүлүктү кызыктырат. Ал ортодо айрым талапкерлердин ысымы аталууда.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Акуналы Досалиев КСДП фракциясыннда спикерликке татыктуу депутаттар бар экенин белгилейт. Төраганы шайлоодо кыйынчылыктар жаралбайт деген ишенимде.  

Укук таануу илимдеринин доктору Бекбосун Борубашев Спикер ким болооруна эмес, кандай болооруна көңүл буруу зарылчылыгын айтат. 

Анын пикиринде  IV чакырылыштын  депутаттарынын ишмердүүлүгү чабал болууда. Мындай болгон учурда коомдун мүдөөсүн ишке ашырууга негиз болгон төрага келиши зарыл.

Көпчүлүк эгер Сооронбай Жээнбеков премьер-минстрлик кызматка келсе, этикалык талаптарды эске алып, спикер бир тууганы Асылбек Жээнбеков төрагалыктан кетээрин айтып жатышат. Ал  Жогорку Кеңештин 3 жолку чакырылышына депутаттыкка шайланган. 2010-жылдан-2011-жылдын декабрь айына чейин вице-спикерликти аркаласа, андан бери парламент төрагасы.

Жээнбековдун ордуна келе турган депутаттардын ысымдары алдын-ала аталууда. Алар: Социал демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков жана анын фракциялашы Иса Өмүркулов, “ кыргызстанчылардын” лидери Канат Исаев. Ошондой эле “Өнүгүү- прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев. Булардын кимиси спикерлик кызматка шайланаары жакынкы күндөрү белгилүү болот.

Н. Молдокулова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз