Society

Өзгөн району: Чаңгет айылында суу маселеси чечиле элек image Фото: moikolodets.ru

13 Апр, 2016 626

Өзгөн районундагы Чаңгет айылынын тургундары суу көйгөйүнөн бушайман болуп келишет. Аларга таза суу такыр чыкпаптыр. Чаңгет-Сайдан аккан суу дайыма кир болуп, мал-жандыктар ичишет. Ошого карабай алууга аргасыз. Анан да алыстыгы көйгөй жаратат. Айыл элин таза суу менен камсыздоого жергиликтүү бийликтин чамасы келбейт. Алар да жардам сурап, жогору жакка кайрылган. Бирок чаңгеттиктерге дагы деле суусуз калууда. 

Чаңгет айылынын ар бир тургуну жаңырган күнүн суу ташуу менен баштайт. Айылда таза суу жок болгондуктан, алар Чаңгет-Сайдагы ылай суудан ичүүгө аргасыз болушат. Ошондуктан мал-жандыктар булгай электе алып алуу керек. Ушул сайдын ылай суусуна айылдын этегиндегилер 4-5 чакырым жол басып келишет.

Эл ичип жаткан сайдын суусу гигиеналык талаптарга жооп бербейт. Андыктан аны пайдалануу кооптуу. Сайдын башында мал-жандыктарды сугарышса, ошол эле сууну айыл эли тундуруп ичишет. Чаңгет айылынын тургундары бул маселе боюнча тиешелүү кызматтарга, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылышкан. Маселе чечилмек турсун кабар алган киши жок дешип нааразы болушат. Айыл өкмөт башчысы Төрөбек Эшиев бул маселе боюнча облус бийлигине билдиргенин айтты. Айылдагы суу көйгөйү боюнча бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасаган. Бирок жыйынтык чыкпай келет.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз