Чек ара

Кыргызстан менен Казакстан чек ара пункттарынан өтүүнү жакшыртат image Фото: www

11 Янв, 2019 558

Кыргызстан менен Казакстан чек ара пункттарынан өтүүнү жакшыртат. Ага ылайык, эки өлкөнүн чек арадагы "Токмок"  – "Сортобе"  жана "Кең-Булуң"  – "Аукатты"  өткөрмө пункттарын эки тараптуудан көп тараптууга өткөрүү боюнча макулдашууга кол койду. Тиешелүү документти Казакстандын Индустрия, инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргызстандын профилдик ведомствосу колдогон. 

Эске салсак, жарандардын жана транспорттун чек арадан өтүү тартиби каралган документке 2017-жылы кол коюлган. Эми аны Мажилис депутаттары ратификациялады. Кошумчалай кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында 12 өткөрмө пункту бар, анын сегизи бүгүнкү күндө иштеп келет.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз