Коом

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштайт image Фото: www

15 Янв, 2019 565

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштайт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, жаңы айдоочулук күбөлүк эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жакшыртылган дизайн жана көптөгөн коргоочу элементтер менен сунушталып жатат. Ал жогорку сапаттагы пластиктен жасалып, 10 жылдык мөөнөткө берилет. 

Азыркы айдоочулардын күбөлүгү мөөнөтү бүткүчө жарактуу саналат, ыктыярдуу түрдө гана алмаштырылат. Учурда жаңы күбөлүктүн эскиздери даярдалган. Бул боюнча өкмөттө премьер министрдин катышуусунда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү боюнча кеңешме өтүп, даярдыктар талкуулаган.  

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз