Дүйнө

Түркмөнстанда экономикалык кризис image Фото: www.

2 Май, 2019 2031

Бүгүнкү күндө Ашхабаддын мамлекеттик дүкөңдөрүнөн бир үй бүлө бир кап унду 50 манат же 1000 сомдун тегерегинде сатып ала алат. 50 килограммдык бир кап унду Ашхабаддыктар эки айга жеткизиши керек. Мындай көлөм бир айлык норма экендиги айтылууда жергиликтүү басылмаларда. Эң кымбаты 1-сорттогу ун. Анын бир килограммы 6 миң сомдойду түзөт. Бул баа мамлекеттик дүкөндөрдө, ал эми жеке дүкөн жана базаларда мындан дагы жогору. Жергилктүү тургундар ундун сапаты начар деп нааразылык артышканы менен Түркменстандын кээ бир аймактарында бул дагы жок. Түркмөн экспреттери тарабынан соңку мезгилдерде жашоо-шарттын оордугу менен бийликтин катаалдыгына элдин чыдамы түгөнүп бараткандыгы, өлкөдө акыркы ички же сырткы күчтөрдүн таасиринде ири саясий окуя орун алышы мүмкүндүгү эскертилүүдө. Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ичинен жабык саналган Түркмөнстандагы экономикалык кризистин аягы эмне менен бүтөт? Кабарачыбыз Гүлжан Каражанова жергиликтүү жана ата мекендик талдоочулардын пикирин угуп көргөн.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз