Коом

Насвай тамекисин эгүүгө тыю салынышы мүмкүн image Фото: http://www.russlav.ru

13 Апр, 2016 796

Насвай тамекисин эгүүгө тыю салуу тууралу мыйзам долбоору сунушталууда. Документте насвайдын адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирлери баса белгиленген. Бирок буга тамеки өстүргөн дыйкандар макул эмес экенин билдиришип, бүгүн маалымат жыйынын өткөрүштү. “Кыштут” дыйкан чарбасынын ээси Нурдин Ашыралиевдин айтымында насвайдын курамына мишьяк, тооктун көңү же акиташ кошулбайт. Бул чындыкка жатпаган жөн гана калп сөздөр. Биз насвайды жасоо үчүн кадимки эле отундун күлү менен тамекини аралаштырып жасайбыз. Насвайга керек болсо көмүрдүн да күлү жарабайт,- деди дыйкан.  

Баткендик дыйкан Вали Абдраимов тамеки өстүрүп тиричилик кечирип жатканын ачыктайт. Аны базарда саткандар да ушуну менен тыйын таап жашоо өткөрүп жатканын белгиледи.

                                                                                          Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, эл өкүлу Махабат Мавлянова “Доор” коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоо учурунда аялдардын жүз пайызы насвайга каршы көз караштарын билдиргенин ырастайт. Ал эми эркектердин 70 пайызы бул сунушту колдой турганын кошумчалады.                                                

Насвай адамдын ден соолугуна көп тараптуу зыян тийгизет, - дейт  ден соолукту чындоо борборунун директорунун орун басары Назгүл Акматалиева. Ал үй шартында даярдалгандыктан аны тескеген адам болбогонуна токтолду. Натыйжада насвай колдонгондор ар кандай илдеттерге кабылып жатканын билдирди.                               

Насвай тамекисин эгүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору апрель айынын соңунда парламентте талкууга алынат. Бул боюнча коомчулук арасында да талкуу жүрсө көп көз караштар, омоктуу ойлор ортого салынмак дешет адистер.

К. Калилов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз