Ден соолук

Эмдөө жүргүзүүгө диний көз караштагы жарандардын 68 пайызы каршы image Фото: www

18 Янв, 2019 1612

Эмдөө жүргүзүүгө диний көз караштагы жарандардын 68 пайызы каршы. Бул тууралу “Иммундаштыруу: мамлекет менен диний уюмдардын кызматташуусу” аталыштагы кереге кеңештин жүрүшүндө маалымдалды. 

Иш-чаранын катышуучулары соңку мезгилде медициналык эмдөөдөн баш тарткан атуулдардын саны өсүп жатканына кабатыр экенин ачыкташты. Мунун айынан ар кандай жугуштуу оорулар айрыкча балдар арасында көбөйүп жатканын белгилеп, мунун себептерин иликтеп, анын жолдорун чечүү жолдорун талкууга алышты. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.                                                                         

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз