Дүйнө жаңылыктары

Филиппинде дүйнөдөгү эң кымбат курорт ачылды image Фото: www

7 Май, 2019 578

Филиппинде дүйнөдөгү эң кымбат курорт ачылды. Бул тууралуу “Daily Mail” басылмасы  жазып чыкты. “Banwa Private Island” курорту Палаван аралын толугу менен ээлейт. 

Коноктор аралга Филиппиндин борбору Манил шаарынан учуп барат. Тогуз орундуу самолет менен учуу 990 доллар болсо, беш орундуу тик учак менен баруу 11 миң доллар турат. Курорт 6 вилладан туруп анда 1 сутка калуу 100 миң долларга бааланат. Ар бир виллада чеги көрүнбөгөн бассейн бар. Коноктор суу астында сүзүү, ресторан, мейманкаларга барып, суу унааларын айдап же теннис ойноп, йога менен алектене алышат-деп жазылат маалыматта.

Асел Шамилова, “Биринчи Радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз